# 27-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 109 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027802)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 109 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027802); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016199); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=24684..32835>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 27-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-27

---

Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жаппы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;

23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;

24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү;

25) аскердик каттоо жүргүзүү, аскердик кызматка, резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана мобилизациялык даярдоого чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү.

26) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу жана камсыз кылуу.

27) социалдык биримдикти чыңдоого жана коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

Бул беренеде социалдык биримдик деп анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним жана урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдун абалы түшүнүлөт. (КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 29-июлундагы № 154, 2025-жылдын 4-июнундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-28)
