# 25-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөөнүн принциптери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-25

---

Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон башкаруунун төмөн турган деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүү;

2) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу максатында функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулук жана максатка ылайыктуулук;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоо;

4) функцияларды аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушу;

5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды шайкеш келтирүү;

6) ачыктык жана коллегиялуулук;

7) ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так аныктоо.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-26)
