25-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөөнүн принциптери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон башкаруунун төмөн турган деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүү;
2) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу максатында функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулук жана максатка ылайыктуулук;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоо;
4) функцияларды аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушу;
5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды шайкеш келтирүү;
6) ачыктык жана коллегиялуулук;
7) ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так аныктоо.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-25" title="25-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>