# 24-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жана алардын жоопкерчилиги

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 24-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-24

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга же аракеттерди жасоого, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган аракеттерди жасоого укуксуз.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуулар жасалган учурда, Президент Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакта тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүүнүн тартибин жана мындай башкаруунун режимин Президент аныктайт.

3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Министрлер Кабинети анын аткарылышын камсыз кылат жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укукка жат актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыгуучу юридикалык жана жеке жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу сот тартибинде чечилет.

5. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул берененин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракет жасалгандыгынын фактысы аныкталган учурда Президент жергиликтүү кеңешти таркатууга жана кеңештин жаңы курамын шайлоону жарыялоого укуктуу.

6. Жергиликтүү кеңеш ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда Президент тарабынан таркатылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-25)
