# 23-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-23

---

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууда калкка көмөк көрсөтөт.

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары (бирликтери) менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.

3. Жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдарга жиберилүүчү расмий кайрылуулары аларда коюлган маселелердин маңызы боюнча милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-24)
