# 22-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери (ассоциациялар, бирликтер)

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-22

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүнү, өз ара жардамдашууну уюштуруу жана социалдык, экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү биргелешип чечүү мамлекеттик органдарда жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоо жана юридикалык, жеке жактар, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты уюштуруу максатында юридикалык жактардын бирикмелерин (коммерциялык эмес уюмдарын) ассоциациялар, бирликтер түрүндө түзүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери өз мүчөлөрүнүн - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого жана талкуулоого катышууга;

2) укуктук, маалыматтык, консультациялык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик концепцияларды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууга катышууга;

4) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө, мамлекеттик органдар менен бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу процессине катышууга;

5) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, башка коомдук бирикмелер менен кызматташтыктын мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын бирикмелери эл аралык союздарга жана жергиликтүү коомдоштуктардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыгууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-23)
