# 20-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-20

---

1. Жарандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.

2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, тиешелүү аймакта туруктуу жашап турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-21)
