20-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Жарандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.
2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, тиешелүү аймакта туруктуу жашап турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-20" title="20-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>