# 2-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-2

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы аткаруу-тескөө ишинин маселелерин кароо үчүн консультациялык-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аныктоочу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кирет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Президентке жана Министрлер Кабинетине отчет берет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-3)
