# 19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун формалары

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=55762..56640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-19

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түздөн-түз катышуусу формасында жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат.

3. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышуусу төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:

1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) талкуулоо;

2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

3) ченем жаратуу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.

(КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-20)
