# 18-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин жалпы принциптери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=55762..56640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-18

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;

5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;

9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;

10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.

(КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-19)
