# 16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жоопкерчилиги

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-16

---

1. Аким кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу, ошондой эле ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген жана анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн ишин башкаруу жана башкарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн мамлекеттик кызматчылары өздөрүнүн функциялык милдеттерин бузгандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотуу, алардын мыйзамсыз аракеттеринин айынан жарандар жана юридикалык жактар тарткан зыяндын ордун толтуруу түрүндө жоопкерчилик тартат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардьн жана бөлүмдөрдүн аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан жергиликтүү коомдоштуктардын, юридикалык жактардын жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча, ошондой эле укукка жат аракеттердин натыйжасында келтирилген зыяндьн ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.

II БОЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-17)
