16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Аким кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу, ошондой эле ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген жана анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн ишин башкаруу жана башкарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн мамлекеттик кызматчылары өздөрүнүн функциялык милдеттерин бузгандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотуу, алардын мыйзамсыз аракеттеринин айынан жарандар жана юридикалык жактар тарткан зыяндын ордун толтуруу түрүндө жоопкерчилик тартат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардьн жана бөлүмдөрдүн аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан жергиликтүү коомдоштуктардын, юридикалык жактардын жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча, ошондой эле укукка жат аракеттердин натыйжасында келтирилген зыяндьн ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.
II БОЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/26 "Православдык көрүстөндү “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2024 · № 01-7/26
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-16" title="16-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>