# 14-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын актыларын аткаруунун милдеттүүлүгү

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-14

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин тиешелүү райондун аймагында жайгашкан бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга милдеттүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-15)
