# 12-берене. Акимдин биринчи орун басары (орун басары)

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397); 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=17196..24684>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-12

---

1. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкүлөр боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат:

- акимдин сунуштамасы;

- Президенттин тиешелүү областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу;

- акимдин Президенттин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашылган сунуштамасы боюнча.

Акимдин биринчи орун басары (орун басары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.

2. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

3. Төмөнкүдөй адам акимдин биринчи орун басары (орун басары) боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

4) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтагы кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) ушул бөлүктүн 51-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

51) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

52) ага карата ушул бөлүктүн 51-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.

4. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат орду саясий кызмат болуп эсептелет.

5. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) аким тарабынан жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

6. Акимдин орун басарларына мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-13)
