# 11-берене. Акимдин ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2026 [Закон КР от 2 июля 2026 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414); 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 16.01.2024 [Закон Кыргызской Республики от 16 января 2024 года № 17 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000533); 28.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 ноября 2022 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=39414..55762>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-11

---

1. Аким:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин уюштурат жана анын натыйжалары үчүн жооп берет;

2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;

3) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна дайындайт;

4) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизилген учурда, жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызматтан бошотууга милдеттүү;

5) айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын ушул Мыйзамда каралган тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;

7) балдардын укуктарын коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын бекитет;

8) (КР 2024-жылдын 16-январындагы № 17 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) жергиликтүү кеңештин төрагасына аймактын чегинде жергиликтүү кеңештин кезексиз жыйындарын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, аларга кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат;

10) жогору турган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерде жана эл аралык мамилелерде тиешелүү аймактын атынан иш алып барат;

11) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

12) ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;

13) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

14) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.

2. Аким өз компетенциясынын чегинде тескемелерди, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациянын атынан токтомдорду чыгарат.

3. Аким Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Президентке белгиленген тартипте өтүнүч берет.

4. Аким өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүүгө укуктуу.

5. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн акимдин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.

(КР 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 113, 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-12)
