# 10-берене. Акимдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-10

---

1. Акимдин ыйгарым укуктары Президент тарабынан төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) аймакта социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда;

4) ишеничтен кеткен учурда;

5) өзү тарапкер болуп эсептелген кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди өз убагында көрбөгөн учурда;

6) жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иштер менен алектенген учурда;

7) коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иш жүргүзгөн учурда;

8) мыйзамдарга ылайык декларацияда маалыматтарды бербегенде же болбосо атайылап ишенимдүү эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;

9) чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыргандыгы үчүн;

10) тиешелүү аймакта чыр-чатактарга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды компетенциясынын чегинде өз убагында көрбөгөндүгү үчүн;

11) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

12) сот аны аракетке жөндөмсүз деп тааныган учурда;

13) аны каза болгон деп жарыялоо жөнүндө же дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле каза болгондо;

14) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткен учурда;

15) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алган учурда;

16) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албаган учурда.

2. Акимдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу аны ээлеген кызмат ордунан бошотуу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Аким жок болгон мезгилде, анын ичинде ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, анын милдеттерин биринчи орун басары аткарат, ал эми биринчи орун басары жок учурда милдеттерди аткаруу жаңы талапкер дайындалганга чейин Президент тарабынан анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-11)
