# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112300)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112300/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3093/edition/1091678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112300/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112300/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005, № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112300/st-2)
