# 9-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 9-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-9

---

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин уюштуруу;

2) мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу;

3) Кыргыз Республикасынын кадр саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;

4) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле облустун саясий, социалдык жана экономикалык абалы тууралуу үзгүлтүксүз баяндамаларды берүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштарды киргизүү;

5) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине ар жылдык отчет берүү;

6) жарандардын жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чаралар боюнча сунуштарды андан ары ишке ашыруу максатында иштеп чыгуу үчүн финансы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте Баткен облусунун калкы менен жыл сайын бюджеттик угууларды өткөрүү.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-10)
