# 8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 8-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) - Баткен облусунун аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президенттин атынан чыккан мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Баткен облусунун аймагында мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүл саясий кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматкер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп саналат.

3. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

4. Ыйгарым укуктуу өкүл үч орун басарга ээ, алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын ишине жетекчилик кылат.

5. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик тартат:

1) Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн;

2) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн;

3) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо боюнча жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн.

6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жобосу, чектүү штаттык саны жана аппаратынын түзүмү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-9)
