# 5-берене. Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 5-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-5

---

1. Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа өзүнө, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана башка түрдөгү экспансияга жана агрессияга каршы күрөшүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн ишти камтыйт.

2. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 500,0 млн. сом өлчөмдө каражаттардын бөлүнүүсүн карайт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-6)
