# 4-берене. Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик иш

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 4-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-4

---

Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жаңы жерлерди өздөштүрүүнү, инфратүзүмдү жакшыртууну жана өнүктүрүүнү;

2) Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну, финансылык колдоону жана ишке ашырууну;

3) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлиндеги айырмачылыктарын кыскартууну;

4) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатууну;

5) Баткен облусунун жаратылыш ресурстарын сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоону;

6) Баткен облусунун аймагында финансы секторун өнүктүрүүнү камсыз кылууну;

7) агрардык сектордо жана мал чарбасында инновациялык технологияларды колдонууну өнүктүрүүнү жана түрткү берүүнү;

8) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жергиликтүү жашоочуларынын арасынан адистерди даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын жаш адистерин чек арага жакын калктуу конуштарга тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;

9) Баткен облусун өнүктүрүүгө тиешелүү республикалык программаларды, изилдөөлөрдү координациялоону жана финансылык колдоону;

10) Баткен облусунун табигый, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону жана алдын алууну;

11) коомдук жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын жана чек ара кызматын чыңдоону;

12) Баткен облусунун калкын аскердик-мекенчилдикке даярдоо боюнча иштерди күчөтүүнү;

13) Баткен облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялануусун алдын алуу үчүн шарттарды түзүүнү;

14) Баткен облусуна туруктуу жашоо, чек арага жакын калктуу конуштардын санын көбөйтүү жана анда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;

15) жеке жана юридикалык жактарга чек арага жакын аймактарында чектеш сооданы жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү;

16) Баткен облусун өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-5)
