# 14-берене. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 14-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-14

---

1. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коомдук-консультативдик, ведомстволор аралык координациялоочу орган болуп саналат.

2. Кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.

3. Кеңеш тарабынан облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт, ошондой эле анын ишке ашырылышы контролго алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-15)
