# 13-берене. Функционалдык-административдик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун кепилдиктери

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 13-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-13

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан иш-милдеттердин аткарылышынын кепилдиктерин төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылат:

1) мамлекеттик, муниципалдык органдардын ишин координациялоо боюнча жана укук коргоо органдары, коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, облусту өнүктүрүүнүн максаттуу республикалык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча республикалык бюджеттин жана облустун өнүктүрүү бюджетинин эсебинен жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү;

3) билим берүү жана маданий объекттерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-14)
