# 11-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктары

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 11-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-11

---

1. Ыйгарым укуктуу өкүл кызматтык милдеттерин аткарууда Баткен облусунун чегинде жайгашкан ар кандай уюмдарга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уюмдардан жана кызмат адамдарынан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

2) Баткен облусунун чегинде жайгашкан мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу үчүн өз орун басарларын жана өзүнүн аппаратынын кызматкерлерин жиберүүгө;

3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик программалардын аткарылышынын жүрүшүн, мамлекеттик мүлктү жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууну уюштурууга;

4) кеңеш берүүчү жана консультативдик органдарды түзүүгө.

3. Ыйгарым укуктуу өкүл:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине Баткен облусунун аймагында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт;

2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишин жетектейт, ага жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-12)
