# 10-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш-милдеттери

- Документ: [Баткен облусунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112298)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 113 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3091/edition/1090410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112298/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен облусунун статусу жөнүндө, 10-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-10

---

Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат;

2) укук коргоо органдарынын жана коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун, ошондой эле көрсөтүлгөн органдарда кадрдык камсыз болуу абалына талдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуштарды киргизет;

3) аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын сот органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, башка коомдук жана диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана камсыз кылат;

4) экономикалык өз ара аракеттенүү ассоциациялары менен биргеликте Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат;

5) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башкача дайындоо тартиби белгиленген кызмат орундарын кошпогондо, эгерде кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалса (бекитилсе) Баткен облусунун чегинде мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди жана башка кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди макулдашат;

6) Баткен облусунун кызыкчылыктарына тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин долбоорлорун макулдашат;

7) Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112298/st-11)
