# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы N 120 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112297/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3090/edition/1111492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112297/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112297/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7531-статьянын аталышында жана 1 жана 2-пункттарында "Жашы жете электердин", "жашы жете электер", "жашы жете электердин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдардын", "балдар" деген сөздөргө, 1002-статьянын аталышында жана 1-пунктунда "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө, 1003-статьянын аталышында жана текстинде "Өспүрүмдөр", "бойго жете элек балдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "балдары" деген сөздөргө, 1149-статьянын 1-пунктунда "жашы жетпеген" деген сөздөр "балдары" деген сөзгө, 1183-статьянын 1-пунктунда "Жашы жете электерди" деген сөздөр "Балдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 7531-статьянын 3-пунктунда "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө, 1002-статьянын 2 жана 3-пункттарында "өспүрүмдөрдө", "өспүрүмдөр" деген сөздөр тиешелүү түрдө "балдарда", "балдар" деген сөздөргө, 1006-статьянын 1-пунктунда "өспүрүм" деген сөз "бала" деген сөзгө, 1016-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "бойго жете электерге" деген сөздөр "балдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 1001-статьяда:

а) аталышында "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 1-пунктта "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын; "(жаш балдар)" деген сөздөр алып салынсын;

в) 2-пунктта "өспүрүм" деген сөз "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;

г) 3-пунктта "жаш бала" деген сөздөр "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;

д) 4-пункттун биринчи абзацында "Жаш балдар", "жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;

4) 1015-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1015-статья. Баланын ден соолугуна залал келтирилгенде анын ордун толтуруу";

б) 1-пунктта "бойго жете элек (жаш баланын) жана эмгек акы (киреше) албаган жактын" деген сөздөр "жана эмгек акы (киреше) албаган баланын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 2-пунктта:

- биринчи абзацта "Жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Бала" деген сөзгө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын;

г) 3-пунктта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112297/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112297/st-3)
