2-берене
Күчүндө · 15.09.2021 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7531-статьянын аталышында жана 1 жана 2-пункттарында "Жашы жете электердин", "жашы жете электер", "жашы жете электердин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдардын", "балдар" деген сөздөргө, 1002-статьянын аталышында жана 1-пунктунда "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө, 1003-статьянын аталышында жана текстинде "Өспүрүмдөр", "бойго жете элек балдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "балдары" деген сөздөргө, 1149-статьянын 1-пунктунда "жашы жетпеген" деген сөздөр "балдары" деген сөзгө, 1183-статьянын 1-пунктунда "Жашы жете электерди" деген сөздөр "Балдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 7531-статьянын 3-пунктунда "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө, 1002-статьянын 2 жана 3-пункттарында "өспүрүмдөрдө", "өспүрүмдөр" деген сөздөр тиешелүү түрдө "балдарда", "балдар" деген сөздөргө, 1006-статьянын 1-пунктунда "өспүрүм" деген сөз "бала" деген сөзгө, 1016-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "бойго жете электерге" деген сөздөр "балдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 1001-статьяда:
а) аталышында "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пунктта "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын; "(жаш балдар)" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2-пунктта "өспүрүм" деген сөз "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
г) 3-пунктта "жаш бала" деген сөздөр "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
д) 4-пункттун биринчи абзацында "Жаш балдар", "жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
4) 1015-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1015-статья. Баланын ден соолугуна залал келтирилгенде анын ордун толтуруу";
б) 1-пунктта "бойго жете элек (жаш баланын) жана эмгек акы (киреше) албаган жактын" деген сөздөр "жана эмгек акы (киреше) албаган баланын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта:
- биринчи абзацта "Жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Бала" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 3-пунктта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112297/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>