# 9-берене. Тамекиге (никотинге) көз каранды адамдарга алдын алуучу, консультациялык жардамды уюштуруу, тамекини, никотинди керектөөнүн зыяндуулугу жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун ден соолукка таасири жөнүндө маалымдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 9-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-9

---

1. Тамекиге (никотинге) көз карандылыкты болтурбоо жана жайылышын азайтуу, тамекини, никотинди керектөөгө жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун ден соолукка тийгизген таасирине байланышкан оорулардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) калктын ар кандай катмарларынын арасында бардык жеткиликтүү методдорду жана коммуникациянын, жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен төмөнкү маалыматтарды камтыган натыйжалуу медициналык-маалыматтык, маалыматтык билим берүү программаларын жүргүзүү:

а) тамекисиз, никотинсиз, ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз сергек жашоо ыңгайынын артыкчылыктары жөнүндө;

б) тамекини жана никотинди керектөөнүн терс социалдык-экономикалык, медициналык-демографиялык кесепеттери жөнүндө;

в) тамеки уюмунун максаттары, стратегиялары жана тактикалары жөнүндө;

г) Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана никотинди керектөөнүн масштабдары жана чыгымга алып келбеген, экономикалык жактан натыйжалуу методдорду пайдалануу менен аларды керектөөнү кыскартуу боюнча ишке ашырылып жана (же) пландаштырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө;

д) тамекини, никотинди, тамеки жана никотин камтылган заттарды таштоого жардам берүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө;

2) улуттук, жергиликтүү жана жеке деңгээлдерде квалификациялуу медициналык консультация жана жардам берүү, жүрүм-турумдук колдоо көрсөтүү, ошондой эле тамекиге (никотинге) көз карандылыкты төмөнкүлөр аркылуу дарылоо:

а) улуттук деңгээлде түз телефондук байланыш линиясын уюштуруу;

б) тамекиге (никотинге) көз карандылыкты дарылоону жана (же) консультацияларды берүүнү уюштуруу;

в) тамекиге (никотинге) көз карандылыкты болтурбоо, тамекиге (никотинге) көз карандылыктын жана тамеки жана никотинди керектөөнүн натыйжасында пайда болуучу оорулардын кесепеттерин алдын алуу жана аларды азайтуу боюнча план ченемдүү жана узак мөөнөттүү чараларды көрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул беренени ишке ашыруу үчүн медициналык-маалыматтык регламентти иштеп чыгат жана бекитет.

3. Ушул беренеде каралган чараларды каржылоо ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-10)
