# 8-берене. Тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик саясатын коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 8-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-8

---

Тамекиге, никотинге жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасирине каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоо саясатын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну тамеки уюмдарынын таасиринен коргоо максатында:

1) мамлекеттик органдарга тамеки уюмдары менен ар кандай өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана тамеки уюмдары үчүн, анын ичинде ар кандай жол менен аларды субсидиялоо түрүндө аларга преференциялык режим берүүгө тыюу салынат;

2) тамеки уюмуна жана алардын аффилирленген жактарына алардын корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагындагы иши жөнүндө же бул ишке чыгашалар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай чыгашалар тууралуу билдирүү милдети белгиленген учурлар кирбейт;

3) тамеки уюмдарынын жана алардын аффилирленген жактарынын өкүлдөрүнө ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп эсептелген маселелер боюнча саясатты түзүүчү же жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын алдындагы кандайдыр-бир комитеттерге же консультациялык топторго катышуусуна тыюу салынат;

4) тамекини керектөөнүн зыяндуулугу тууралуу калкка маалымат берүүдө тамеки уюмдары тамеки өндүрүүчү уюмдардын атынан же алардын кызыкчылыгы үчүн ачык же жашыруун түрдө аракет кылган айрым адамдарды жана алар менен байланыштагы уюмдарды пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө тыюу салынат;

5) тамеки уюмдары жана тамеки уюмдарынын кызыкчылыктарын көздөгөн адамдар менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүш-туруш эрежелерин жана жүрүм-турумуна карата талаптарды аныктоочу регламентти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштеп чыгууга жана бекитүүгө тыюу салынат;

6) тамеки уюмдарына жана анын аффилирленген жактарына саясий ишке төгүмдөрдү жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-9)
