Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик саясатын коргоо боюнча чаралар
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 2-глава
Тамекиге, никотинге жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасирине каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоо саясатын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну тамеки уюмдарынын таасиринен коргоо максатында:
1) мамлекеттик органдарга тамеки уюмдары менен ар кандай өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана тамеки уюмдары үчүн, анын ичинде ар кандай жол менен аларды субсидиялоо түрүндө аларга преференциялык режим берүүгө тыюу салынат;
2) тамеки уюмуна жана алардын аффилирленген жактарына алардын корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагындагы иши жөнүндө же бул ишке чыгашалар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай чыгашалар тууралуу билдирүү милдети белгиленген учурлар кирбейт;
3) тамеки уюмдарынын жана алардын аффилирленген жактарынын өкүлдөрүнө ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп эсептелген маселелер боюнча саясатты түзүүчү же жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын алдындагы кандайдыр-бир комитеттерге же консультациялык топторго катышуусуна тыюу салынат;
4) тамекини керектөөнүн зыяндуулугу тууралуу калкка маалымат берүүдө тамеки уюмдары тамеки өндүрүүчү уюмдардын атынан же алардын кызыкчылыгы үчүн ачык же жашыруун түрдө аракет кылган айрым адамдарды жана алар менен байланыштагы уюмдарды пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө тыюу салынат;
5) тамеки уюмдары жана тамеки уюмдарынын кызыкчылыктарын көздөгөн адамдар менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүш-туруш эрежелерин жана жүрүм-турумуна карата талаптарды аныктоочу регламентти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштеп чыгууга жана бекитүүгө тыюу салынат;
6) тамеки уюмдарына жана анын аффилирленген жактарына саясий ишке төгүмдөрдү жүргүзүүсүнө тыюу салынат.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>