6-берене. Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоонун негизги принциптери
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 2-глава
Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын сактоо;
2) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жана стратегияны иштеп чыгуу жана аныктоо ишинде саясий жолун жолдоочулук, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоонун артыкчылыгы тамеки уюмдарынын кызыкчылыгынан жогору турат;
3) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун айланага тийгизген таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо системасын түзүүгө көмөктөшүүчү салык саясатын жүргүзүү;
4) тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктун активдүү катышуусу;
5) адамдын ден соолугу үчүн тамекини жана никотинди колдонуунун кыйратуучу кесепеттери тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
6) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, анын ичинде тамеки тармагында иштөөнүн натыйжасында кесиптик ооруга дуушар болгон адамдарга келтирилген залалдын ордун толтуруу;
7) тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттыкты сактоо саясатын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке киргизүү процесстерин тамеки уюмдарынын коммерциялык жана корпоративдик кызыкчылыктарынын таасиринен коргоо;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тамеки уюмдар жана анын аффилирленген уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгы жана айкындыгы;
9) жарандардын тамекисиз, никотинсиз, тамекинин түтүнүсүз жана аэрозолсуз жашоо укуктарын коргоо, тамекини, никотинди колдонуу жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири менен байланышкан калктын ооруларга чалдыгуусун, майып болуусун, мезгилсиз өлүмгө кириптер болуусун алдын алуу, ошондой эле калктын тамеки жана никотин камтылган заттарды колдонууну азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
10) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун камсыз кылуу;
11) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө жарандардын укуктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги;
12) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тамеки уюмдары менен байланышпаган коомдук уюмдардын, жеке ишкерлердин, жарандардын жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенүүсү;
13) тамеки жана никотин камтылган заттардын баңгилик жана бүлгүнгө учуратуучу мүнөзү жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасири жөнүндө калкты кабардар кылуу;
14) ушул Мыйзамда каралган чараларды ишке ашырууда системалуу мамиле, алардын үзгүлтүксүздүгү жана ырааттуулугу;
15) калкта тамекиге (никотинге) көз карандылыктын келип чыгышынын алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын рыногунда буга чейин болуп келген тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүн азайтуу.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>