# 20-берене. Тамеки жана никотин камтылган заттардын мыйзамсыз сатылышын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 20-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-20

---

1. Тамеки заттарын мыйзамсыз сатууну жоюу ДСУ ТКАК жана анын протоколдоруна, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде талаптарына жооп бербеген бардык тамеки заттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алып салынууга тийиш.

3. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген тамеки жана тамеки ысытуучу системалары бар бардык буюмдар, никотин камтылган заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, суу түтүктөрү жана тамеки тартуучу башка буюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алып салынууга тийиш.

4. Тамеки жана никотин камтылган заттарды, аларды пайдалануу түзүлүштөрүн мыйзамсыз сатуудан жана (же) өндүрүүдөн жана импорттоодон түшкөн каражаттар конфискацияланууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте республикалык бюджетке которулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-21)
