20-берене. Тамеки жана никотин камтылган заттардын мыйзамсыз сатылышын жоюу
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 4-глава
1. Тамеки заттарын мыйзамсыз сатууну жоюу ДСУ ТКАК жана анын протоколдоруна, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде талаптарына жооп бербеген бардык тамеки заттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алып салынууга тийиш.
3. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген тамеки жана тамеки ысытуучу системалары бар бардык буюмдар, никотин камтылган заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, суу түтүктөрү жана тамеки тартуучу башка буюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алып салынууга тийиш.
4. Тамеки жана никотин камтылган заттарды, аларды пайдалануу түзүлүштөрүн мыйзамсыз сатуудан жана (же) өндүрүүдөн жана импорттоодон түшкөн каражаттар конфискацияланууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте республикалык бюджетке которулууга тийиш.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>