# 19-берене. Тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу тутумду сатууга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 19-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаларды жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды төмөнкүлөргө сатууга тыюу салынат:

1) он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга жана ал адамдардын сатуусуна;

2) төмөнкү жерлерде:

а) жаштар иши боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын, маданият жана спорт уюмдарынын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймагында;

б) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;

в) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш ордуларында жана жумуш зоналарында;

г) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;

д) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын имараттарында жана аймагында, балдардын эс алуу уюмдарында, балдар аянтчаларында;

е) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында;

ж) калыбына келтирүү жана санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана орун жайларда;

з) маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянттарда;

3) көтөрүп жүрүп сатуу жолу менен;

4) соода автоматтарын пайдалануу менен.

2. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:

1) жыйырма даанадан кем же ашык сигареталары бар керектөө тангагындагы (пачкадагы) сигареталарды чекене сатууга;

2) сигареталарды жана папиросторду дааналап сатууга;

3) колдонуу тарасы жок тамеки заттарын сатууга;

4) тамекини, ошондой эле ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана товарлар менен бирге бир колдонуу тарасына таңгакталып салынган, тамеки жана никотин камтылган буюмдар болуп саналбаган алар үчүн эритмелерди, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн шаймандарды сатууга;

5) тамеки буюмдарын, анын ичинде ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында жана Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде, Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди сатууга;

6) тамеки заттарынын, ысытылуучу тамеки заттарынын, тамекини ысытуучу системанын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алар үчүн эритмелердин бардык түрлөрүн пайдалануунун зыяндуулугун эскертүүсүз сатууга;

7) таза никотинди, никотин туздарын, ошондой эле эгерде эритмедеги никотиндин камтылуу көлөмү 20 мг/мл.ден ашып кетсе, никотин эритмесин чекене сатууга.

3. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн сатып өткөрүүчү адамдар ар бир кассанын жанында (же сатып алынган товар үчүн төлөм жүргүзүлгөн жерде) көрүнүктүү жерде тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, анын ичинде тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки буюмдарын он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынары тууралуу маалыматы бар плакаттарды жайгаштырууга милдеттүү. Ар бир плакаттын көлөмү 1000 чарчы сантиметрден кем эмес болууга тийиш.

4. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды сатып өткөрүүчү адамдар:

1) сатып алуучунун жаш курагынан шек санаган учурда, алардын ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү;

2) алар өздөрүнүн ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн заттарды сатуудан баш тартууга тийиш.

Көңүл буруңуздар! 19-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-20)
