# 15-берене. Чегилбеген тамеки заттарына жана никотин камтылган чегилбеген заттарга талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 15-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-15

---

1. Насвайды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбеген тамеки заттарын жана никотин камтылган чегилбеген заттарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жүгүртүүгө (анын ичинде сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга, ташып чыгарууга) тыюу салынат.

2. Насвайдын курамына жана анын жүгүртүлүшүнүн эрежелерине милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети насвайдын колдонулушун алдын алуу жана азайтуу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) насвай өндүрүүдө колдонулган тамекини өстүрүү үчүн багытталган аянтты этап-этабы менен кыскартууну;

2) тамеки өстүрүүнүн ордуна пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү жана сатууну камтыган иштин экономикалык жактан пайдалуу альтернативаларына өтүүнү;

3) ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык калкка медициналык-консультациялык жардамды.

Көңүл буруңуздар! 15-берененин 1-бөлүгү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, 2-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 36 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-14)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-151)
