# 14-берене. Чегүүчү тамеки заттарына талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 14-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-14

---

1. Чегилүүчү тамеки буюмдарына, тамеки заттарын керектөөчүлөр үчүн маалыматтын (маркировкасынын) мазмунуна, тамеки заттарынын курамы жана алар чыгарган заттар жөнүндө отчет берүү эрежелерине карата талаптар, ошондой эле тамеки буюмдарынын шайкештигин баалоо жол-жоболору Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" техникалык регламенти (ББ ТР 035/2014) менен белгиленет.

2. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген чегүүчү тамеки заттарынын Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" техникалык регламенти (ББ ТР 035/2014) ченемдерине шайкеш келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-15)
