# 13-берене. Тамеки заттарынан, айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз, анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан бөлүнүп чыккан заттарсыз таза абага болгон жарандардын укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 ноября 2024 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты здоровья граждан (в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018088)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.11.2024 [Закон КР от 22 ноября 2024 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты здоровья граждан (в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018088); 28.02.2024 [Закон КР от 28 февраля 2024 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002787)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296#diff=4571..23777>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 13-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-13

---

1. Адамдардын ден соолугуна айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жана анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан (анын ичинде электрондук сигареталардан), анын ичинде электрондук сигареталардан бөлүнүп чыккан заттардын тийгизген таасирин четтетүү үчүн тамекини жана никотинди чегүүгө, анын ичинде суу түтүктөрүн (кальянды), тамекини ысытуу үчүн системаларды жана башка тамеки буюмдарын пайдалануу менен чегүүгө, ошондой эле НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) пайдаланууга толук тыюу салынат:

1) төмөнкү жерлерде:

а) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, подъезддерде, лифттерде, тепкич аянтчаларда жаиа аянттарда, дааратканаларда, анын ичинде көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында, коммуналдык квартиралардын көмөкчү жана кошумча жайларында;

б) жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймактарында;

в) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан темир жол бекеттеринин, автобекеттердин имараттарында жана жайларында;

г) калк үчүн кызматтар көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, анын ичинде турак жайларда, мейманканаларда, тиричилик тейлөө жана (же) коомдук тамактануу убактылуу жашап турууну камсыздоо, коомдук тамактануу боюнча жайларда жана убактылуу тургузулган соода объектилеринде;

д) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;

е) тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда;

2) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда;

3) өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде автомай куюучу станцияларда;

4) жайларда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрүндө);

5) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;

6) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, балдардын эс алуу уюмдарынын аймагында жана мекемелеринде, балдар үчүн аянтчаларында;

7) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында;

8) калыбына келтирүү жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана жайларда;

9) калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, жабык базарлардын аймактарында;

10) коомдук транспорттун аялдамаларында;

11) тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо, маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

2. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин жүргүзүүчү аймактарда, имараттарда, курулмаларда жана жайларда ушул берененин талаптарынын аткарылышына контроль жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Тамеки жана никотин камтыган заттарды керектөөгө тыюу салынган аймактарды, имараттарды жана объекттерди белгилөө үчүн тиешелүү түрдө тамеки тартууга (керектөөгө) тыюу салуу жөнүндө белги коюлуп, аны жайгаштыруу талабы жана тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

4. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерде күл түшүргүчтөрдү жайгаштырууга жана тамеки чегүү үчүн жана никотинди камтыган продукцияны пайдалануу үчүн башка шарттарды түзүүгө тыюу салынат.

5. Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан аэропорттордун жетекчилери аэропорттордо жана учуу алдындагы текшерүүдөн өткөндөн кийин учууга катталган жүргүнчүлөргө арналган зоналарда жана транзиттик жүргүнчүлөр үчүн арналган зоналарда өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактоо менен желдетүү системалары менен жабдылган, атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдү уюштура алышат.

6. Менчигинин түрүнө карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп бере алышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдый алышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныкташат жана камсыз кылышат. Тамеки чегүү үчүн орун жайларды жабдууга талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2024-жылдын 28-февралындагы № 61, 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-14)
