# 10-берене. Илимий изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл, жүргүзүлүп жаткан чараларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3089/edition/1090224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112296/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө, 10-берене (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-10

---

1. Тамекини, никотинди керектөөнүн жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттерин жана масштабдарын изилдөө, ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүнүн жана азрозолдун таасирин болтурбоого тамекини жана никотинди керектөөнү азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) тамеки жана никотин камтылган заттарды керектөөнүн себептерин жана кесепеттерин изилдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;

2) калктын ар кандай топторунун арасында тамекини жана никотинди керектөөнү изилдөөлөрдү, анын ичинде репрезентативдүү эпидемиологиялык изилдөөлөрдү (эпидемиологиялык көзөмөлдү) жүргүзүүнү;

3) компетенттүү эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар менен бирдикте тамекини жана никотинди керектөөнү контролдоонун ар кандай өңүттөрүн изилдөө жүргүзүүнү;

2. Илимий изилдөөлөрдүн, эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:

1) тамекини, никотинди керектөөнү кыскартууга жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жарандардын ден соолугуна тийгизген таасирин болтурбоого багытталган чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышына талдоо жүргүзөт жана баа берет;

2) жарандарынын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларга киргизилүүгө тийиш болгон тамекини жана никотинди керектөөгө каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;

3) ушул Мыйзамдын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча андан аркы иш-чаралардын багытын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.

4) Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана никотинди керектөөнүн масштабдары жана аларды керектөөнү азайтуу боюнча ишке ашырылып жаткан жана (же) пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана калкты кабардар кылат;

5) Кыргыз Республикасы ДСУ ТКАКты аткарышы жөнүндө докладды компетенциясынын алкагында даярдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112296/st-11)
