10-берене. Илимий изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл, жүргүзүлүп жаткан чараларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 2-глава
1. Тамекини, никотинди керектөөнүн жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттерин жана масштабдарын изилдөө, ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүнүн жана азрозолдун таасирин болтурбоого тамекини жана никотинди керектөөнү азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) тамеки жана никотин камтылган заттарды керектөөнүн себептерин жана кесепеттерин изилдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
2) калктын ар кандай топторунун арасында тамекини жана никотинди керектөөнү изилдөөлөрдү, анын ичинде репрезентативдүү эпидемиологиялык изилдөөлөрдү (эпидемиологиялык көзөмөлдү) жүргүзүүнү;
3) компетенттүү эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар менен бирдикте тамекини жана никотинди керектөөнү контролдоонун ар кандай өңүттөрүн изилдөө жүргүзүүнү;
2. Илимий изилдөөлөрдүн, эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
1) тамекини, никотинди керектөөнү кыскартууга жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жарандардын ден соолугуна тийгизген таасирин болтурбоого багытталган чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышына талдоо жүргүзөт жана баа берет;
2) жарандарынын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларга киргизилүүгө тийиш болгон тамекини жана никотинди керектөөгө каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
3) ушул Мыйзамдын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча андан аркы иш-чаралардын багытын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
4) Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана никотинди керектөөнүн масштабдары жана аларды керектөөнү азайтуу боюнча ишке ашырылып жаткан жана (же) пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана калкты кабардар кылат;
5) Кыргыз Республикасы ДСУ ТКАКты аткарышы жөнүндө докладды компетенциясынын алкагында даярдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>