Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 23.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108.
"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 41 - 43-беренелер менен толукталсын:
"41берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууларынын шарттары жана чектери
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда чек ара ыйгарым укуктуулары ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте атайын каражаттарды, куралды алып жүрүүгө жана колдонууга, ошондой эле кара күчтү колдонууга укуктуу.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларына атайын каражаттарды жана куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
42берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды төмөнкү учурда колдонууга укуктуу:
1) эгерде кармалган адамдардын качышы, айланадагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, аларды чек ара күзөтүнүн курамында күзөт менен коштоодо жана кайтарууда:
2) аскер кызматчыларына жана башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана аларды четтетүү, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарылчылык учурунда.
2. Төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуулугунун белгилери көрүнүп турган аялдарга, майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге;
2) эгерде бул атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам болуп өтсө (болуп жатса), мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарга.
43берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын курап колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин майтарууда;
2) мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучуларды чек ара күзөтүнүн курамында куунун жүрүшүндө жана эгерде чек ара күзөтүнүн өздүк курамына кол салуунун түздөн-түз коркунучу бар болсо, куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.
2. Төмөнкүлөргө карата куралды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, аялдарга майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге карата;
2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына карата;
3) мамлекеттик чек араны атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же болбосо жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам бузган адамдарга карата;
4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.";
2) 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарып жатканда өлгөн, майыптыкты же жаракатты алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 23.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөЗакон · 03.03.2015 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112295/st-1" title="1-берене - "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>