# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112294)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 13-сентябры № 118 "Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112294/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3087/edition/1120448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112294/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112294/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 59-берененин 1-бөлүгү "башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 63-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаштарды кароодо мамлекеттик органдардын укукка жат аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда, инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин айрым финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн болгон мамлекеттик өнүктүрүү программаларына (долбоорлоруна) ылайык экономика тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды жүзөгө ашырган инвесторлорго кепилдиктерди кошпогондо, Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди бербейт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112294/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112294/st-3)
