73823-статья. Кемүүчү мушарака келишими боюнча жалпы жоболор
Күчүндө · 02.09.2021 редакциясы
1. Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат.
2. Кемүүчү мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика/мушарака келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же жоктугуна карабастан түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.
3. Кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.
4. Ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер кемүүчү мушарака келишими боюнча мамилелерге карата колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кемүүчү мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
16) 73824-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73824-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор
1. Иджара келишими - бул ижарага берүүчүнүн кардардын табыштамасы боюнча мүлктү, же болбосо ижарачы кайрылган учурда ижарага берүүчүнүн менчигинде турган мүлктү өз менчигине сатып алуусун же болбосо ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө негизинде жалдоого ижарага сунушталуучу, ижарачынын табыштамасы боюнча ижарага берүүчү мүлктү пайдалануу укугуна ээ кылуусун караган келишим.
Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү финансылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай укукту ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн андан ары ижарага сунуштоо менен ижара берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна ээлик кылат.
2. Иджара мунтахийя биттамлик келишими - бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.
3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишиминин тарабы болсо, анда ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.
4. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында иджара келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
17) 73825-статьяда:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Шариаттын стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.";
18) 73826-статьяда:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ижарачы - иджара келишимине ылайык келишимдин предметин белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга алган жеке же юридикалык жак. Өзүнүн жана (же) карызга алынган каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун сатып алган жана аны келишимдин предметине карата менчик укугун ижарачыга өткөрүү менен же өткөрбөстөн иджара келишиминин предмети катары ижарачыга белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга/пайдаланууга берген жеке же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензиясы бар банк) ижарага берүүчү болушу мүмкүн.";
19) 73827-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ижарачы тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу убадасын - милдеттенмелеринин аткаруусунун кепилдиги катары белгилүү өлчөмдөгү сумманы салат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда, келтирилген зыяндын ордун жабууга, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатылып алына турган мүлктү соода-сатык келишими боюнча сатып алуу үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат. Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде ижара берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн. Ижарага берүүчү менен ижарачынын ортосунда алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуулар, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык же айрым олуттуу шарттарын камтыган ижарачынын табыштамасы, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү сатып алууга ижарага берүүчүнүн убадасы - ижарачынын жана ижарага берүүчүнүн ортосунда лизингдик укуктук мамилелеринин жыйындысын түзөт жана иджара мунтахийя биттамлик келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.";
20) 73828-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде иджара келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу ижарачы катары тандалган учурда, сатуучунун мүлктү берүү жана ага байланыштуу чыгымдары боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калуу тобокелдигин ижарачы тартат.";
21) 73829-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73829-статья. Иджара келишиминин предметин камсыздандыруу
1. Иджара келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн.
2. Ижарачы ижарага берүүчүгө ордун толтурууга тийиш болгон мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу боюнча чыгымдарды ижарага берүүчү көтөрөт.";
22) 73830-статьяда:
а) 2-пунктта "өткөрүп берүүгө" деген сөздөр "өткөрүп берүүгө/берүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
23 ) 73832-статьяда:
а) 73832-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "73832-статья. Иджара келишимин токтотуу, бузуу жана анын кесепеттери";
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) өз ара макулдашуу боюнча;
2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
3) мүлк ижарачыга сатылганда;
4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.";
в) 3-пунктта "бузулууга учурагандыгына" деген сөздөр "кокустан жараксыз болуп калгандыгына же бузулуп калгандыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы, ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:
1) иджара келишиминин шарттары бузулган учурда;
2) ижара төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда;
3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.";
24) 6-параграфтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "§ 6. Кард келишими";
25) 73833-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73833-статья. Жалпы жоболор
1. Кард келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка (карыз алуучуга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана бул үчүн төлөм алуусуз карызга берет. Мында, эгерде каражаттарды кайтаруу мөөнөтү белгиленбесе, акча каражаттарды кабыл алган тарап экинчи тараптын биринчи эле талабы боюнча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кард келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
26) 73834-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "кард хасан" деген сөздөр "кард" деген сөзгө алмаштырылсын;
27) 73835-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Истиснаа келишими - бул анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (тапшырыкчы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын тапшырыкчыга белгиленген мөөнөттө тапшырууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган наркты төлөө милдеттенмесин өзүнө алган келишим.
2. Истиснаа келишиминин предмети болуп объектти даярдоо боюнча, объектти иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же касиетин өзгөртүү) боюнча же кайра иштетүү (колдо болгондорду жок кылуудан улам жаңы объектти түзүү) боюнча баштапкы материалдарды (чийки заттарды) милдеттүү түрдө пайдалануу менен подрядчынын ишинин натыйжасы, же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжаларын белгилүү бир өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүү саналат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында истиснаа келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
28) 73841-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдик жөнүндө келишимдерге карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
29) 73848-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кепилдик катты берүү үчүн комиссиялык жыйымдар алынбайт. Мындай чыгымдар адатта ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу жыйымдардан ашпаса, банк арыз ээсинен кепилдик катты берүүгө байланыштуу административдик чыгымдарды төлөп берүүнү өтүнүүгө укуктуу.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 73849-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында салам келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
31) 73850-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Баалуу металлдарды (алтын жана күмүш) кошпогондо, таразага тартууга, ченөөгө же эсептөөгө боло турган товарлар жана башка мүлк салам келишиминин предмети боло алат.";
б) 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Салам келишимин түзүп жатканда товарлар рынокто болууга тийиш.
5. Берүүчү болуп саналган кардардын карызын салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт.";
32) 73854-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) келишимди бузууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.";
33) 10-параграфтын аталышында "амана" деген сөз "аманат" деген сөзгө алмаштырылсын;
34) 73856-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишенилген (вади'айад аманат) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.".
Берененин тексти 02.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73823-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112286/st-73823" title="73823-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>