# 4-берене. Маалыматтык ресурстардын ээлеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112282)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 23-августундагы № 101 "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3075/edition/1083610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112282/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө, 4-берене (23.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жайгашкан сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жалган же анык эмес маалыматты жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайтты же сайттын баракчасын пайдаланууга жол бербөөгө;

2) укуктары жана эркиндиктери бузулган жактар кайрылган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен бузууларды четтетүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага билдирүүлөрдү жиберүү үчүн Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына аты-жөнүн, электрондук дарегин жайгаштырууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси жана пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) анын пикири боюнча укуктары жана эркиндиктери чектелген жактардын далил-жүйөлөрү менен макул болбоого;

2) Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотууга багытталган иш-аракеттерди сот тартибинде талашууга;

3) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбеген же кемсинтпеген маалыматтарды эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аларды оозеки, жазуу жүзүндө башка ыкмалар менен жайылтууга;

4) Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына Интернет тармагынын башка пайдалануучуларынын инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбеген жана кемсинтпеген тексттерди жана (же) башка материалдарды жайгаштырууга же жайгаштырууга жол берүүгө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-5)
