# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр

- Документ: [Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112282)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 23-августундагы № 101 "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3075/edition/1083610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112282/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө, 2-берене (23.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-2

---

1) Интернет тармагы - Интернет-протоколду (Internet protocol - IP) жана маалыматтарды берүү протоколун (Transmission Control Protocol - TCP) пайдаланууга негизделген глобалдык даректик мейкиндик аркылуу ар кыл өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарын жана электр байланыш тармактарын байланыш туташтыруучу глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармак;

2) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндиги - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарыялануучу кирүүчү же чыгуучу трансчекаралык жана ички интернет трафиги;

3) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайт - Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысын өзүнө камтыган Интернет тармагындагы орун;

4) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын баракчасы - Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жеткиликтүү болгон Интернет тармагындагы сайттын бөлүгү;

5) Интернет тармагындагы сайттын ээси - сайт менчик укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;

6) Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээси - сайттын баракчасы пайдалануу укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;

7) анык эмес (жалган) маалымат - Интернет тармагында же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат;

8) Интернет тармагынын пайдалануучусу (абонент) - интернет кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке же юридикалык жак;

9) интернет-провайдер - электробайланыш операторлору жана мобилдик уюлдук байланыш операторлору;

10) Интернет тармагындагы ачык жеткиликтүү пункттар - Интернет тармагына чыгууга мүмкүнчүлүк берген коомдук жайлар, ошондой эле интернет-кафе;

11) хостинг-провайдер - Интернет тармагына кошулуу менен, өзүнүн техникалык аянтчаларында жабдууларды, Интернет тармагындагы маалыматтарды жана сайттарды берүү жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жак.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-3)
