# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112282)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 23-августундагы № 101 "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3075/edition/1083610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112282/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө, 1-берене (23.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо максатында, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берген жактардын жоопкерчилигин, ошондой эле ушул Мыйзам боюнча укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин белгилейт.

2. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жайылтылуучу маалымат ачык, жарандык укуктук мамилелердин объекти болуп таанылат.

3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболордун жана маселелердин башка мыйзамдарга киргизилишине жол берилбейт. Эгерде башка мыйзамдарда ушул Мыйзамдын жөнгө салуусуна тийиштүү жоболор жана маселелер камтылса, анда алар ушул Мыйзамга карама-каршы келбегендей деңгээлде колдонулат.

4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайттын баракчаларынын ээлери;

2) Интернет тармагынын пайдалануучулары.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112282/st-2)
