# 1-берене

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112281)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 13-августундагы № 100 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112281/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3074/edition/1146314/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112281/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112281/st-1

---

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу бөлүк менен толукталсын:

"Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, айыл чарба техникасынын жеткиликтүүлүгү чектелген, жеке турак үйлөрдүн курулушуна, которуу жөнүндө чечим кабыл алынганына, максаттуу багыттагы - айыл чарба жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт чыгарылганына байланыштуу аны максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган контурдагы жер участогу.";

2) 4-берененин 2-бөлүгүндө "айыл чарба жерлерин" деген сөздөр "чарба жерлеринин түрлөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт. Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар которулуп (трансформацияланып) жаткан жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";

4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда жер участокторунун ээлери жерди которуп берүү жөнүндө райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын туруктуу иштөөчү комиссиясына арыз беришет.";

5) 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";

6) 20-берененин 1-бөлүгүндө "12-пунктунда" деген сөздөр "12 жана 13-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112281/st-2)
