1-берене
Күчүндө · 05.08.2021 редакциясы
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн:
1) конкурс өткөрүү;
2) аукцион өткөрүү;
3) "биринчи берилген өтүнмө" эрежесин колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу.";
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 25-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 251-берене менен толукталсын:
"251-берене Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечим конкурс же аукцион өткөрүү зарылчылыгын жокко чыгарат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 05.08.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112279/st-1" title="1-берене - Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>