1-берене
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 759-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ц" пунктчасы менен толукталсын:
"ц) "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери".";
2) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 211-бөлүк менен толукталсын:
"211. "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы Жарандык коргонуу жаатында кеминде 15 жыл иштеген, кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын алдын алууда жана алардын кесепеттерин жоюуда ынтаа коюп иштегени үчүн, башкаруу органдарын колдоодо сиңирген жеке эмгеги үчүн, авариялык-куткаруу кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын, авариялык-куткаруу түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгарууга ар дайым даярдыкта турганы жана тейлөө объекттеринде же аймактарында өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзгөнү үчүн, өзгөчө кырдаалдар шарттарында калкты иш-аракеттерге даярдоого катышканы үчүн, авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүмдөрү үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоодо, окутууда, тарбиялоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун Жарандык коргонуу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүмдөрүнүн жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.".
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112276/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>