# 9-берене. МЖӨ долбоорун демилгелөө

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 9-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-9

---

1. МЖӨ долбоорун демилгелөө мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат жөнөтүү жолу менен, же болбосо кызыкдар жак тарабынан мамлекеттик өнөктөшкө жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүлгөндөн кийин мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.

3. МЖӨ долбоорун МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биргелешкен мамлекеттик өнөктөш катары мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык ишканасын жана мекемесин тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомду аныктайт.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-10)
